Баткен ОИИББинин кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен райондук паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Ал мыйзамсыз паспорт берүү кылмышы боюнча айыпталып жатканын ИИМ билдирди. Маалыматка таянсак, жакында чек араны кесип өтүү учурунда 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну кармалган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу беренелер менен айып тагылууда. Текшерүү учурунда, кармалган жаран паспортту мыйзамсыз жол менен аталган бөлүмдөн алганы белгилүү болду. Укук коргоо кызматкерлери паспорт бөлүмдү текшеришип, ал учурда айыпталуучу кызматкер кылмышын жаап коюу үчүн пара сунуштаган. Жыйынтыгында ал 20 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды.