Жол кырсыгынан улам адам өлтүрүп качып кеткен кыз кармалды

30-ноябрда Бишкек шаардык милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-ноябрдан бери качып, жашырынып жүргөн 20 жаштагы Аманбек кызы Жанаркүл кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт. Ал бүгүн шаардык милициянын убактылуу кармоочу абагына киргизилди.

Эске салсак, 2013-жылдын 13-ноябрында, кечки саат 20:30дарда Бишкектеги Медеров-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталган. Жогорку ылдамдыкта келе жаткан B 0201AL номурлуу Мерседес-Бенц 220 үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Жигули 2106 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен Жигулинин ичиндеги жүргүнчү аял Кыял Иманова ошол эле жерден каза болгон. Ал эми анын айдоочусу Өскөн Исманалиев менен эки жүргүнчү ар түрдүү оор жаракаттарды алып, ооруканаларга жеткирилген. Кырсык болгон жерге ыкчам иликтөө тобу да барып, окуя болгон жер курчалып, жол тосулган.

Окуя болору менен жол кырсыгына күнөөлүү делген,  Мерседес-Бенц 220 унаасынын айдоочусу Жанаркүл Аманбек кызы бирөөгө телефон чалган. Анан кара түстөгү Lexus RX330 үлгүсүндөгү 0030 номурлуу машина келип Жанаркүлдү качырып кетишкен. Бирок анын унаасынын ичинде паспорту калып калган. Паспортто жазылган дарекке караганда Жанаркүл Аманбек кызы Киргизия конушунда (Царское село) жашайт.

14-ноябрда Бишкек шаардык милициясы тарабынан жол эрежелерин одоно бузуу фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү, 121-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иштери ачылган. Аманбек кызы Жанаркүлдүн телефондорун тыңшоого уруксат алынган.

27-ноябрда шаардык милиция тарабынан Аманбек кызы Жанаркүлгө сыртынан айыбы угузулуп, баш коргоо чарасын камакка алууга өзгөртүүгө шаардын Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. 29-ноябрдын 30-ноябрына караган түнү Аманбек кызы Жанаркүл колго түшүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almabek
2013-12-02 11:04:47
Кудай бар экен го бул кызга, жабыр тарткан тарап кечээ эле сыздап интервью берген эле, кармала элек дагы эле дешип.
0
nursyi
2013-12-02 13:49:07
А.Карыпкуловдун кызы эмес бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан