Кызматтык милдетин өтөп жатышкан милиция кызматкерлерине кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат 02:30 чамасында Ош шаарында белгисиз жаран кайгуул кызматынын кызматкерине кайрылып, белгисиз адамдар сабап, денесине залал келтиргендигин билдирип жардам берүүнү суранган.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барган учурда жашы болжол менен 25-30 чамасындагы 2 жаран мас абалында Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унааны башкарып кеткенге аракет жасап жатканын көрүп токтоткон учурда, баш ийбестен милиция кызматкерине каршылык көрсөтүшкөн.
"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жардамга барышкан мезгилде эки жаран алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен каршылык көрсөтүшүп, аларга кол көтөрүшкөн. Натыйжада окуя болгон жерде 3 кызматкер денелеринен жаракат алышкан. Алардын бирөөсү аял кызматкер.
Белгисиз жарандар Ош облустук наркологиясынан экспертизадан өтүп, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.
Милициянын кайгуул кызматынын жабыр тарткан 2 кызматкери дарылануу үчүн Ош шаардык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле кармалган 2 жаран дагы ооруканага жаткырылган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.