Бишкек шаардык футбол командасы 14 жашка чейинки жаштар курама командаларынын футбол боюнча өлкө Кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Каракол шаарынын борбордук стадионунда өлкөнүн 7 облусунан жана борборунан келген командалар арасында өткөн.
Финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча 3 алдынкы орунга төмөнкү командалар чыгышты:
1-орун - Бишкек шаары;
2-орун - Ысык-Көл облусу,
3-орун - Ош облусу.