Таласта 11 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга кошунасы шектелүүдө. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан белгилүү болду.
Башкармалыктын маалыматына караганда, 11-июнга караган түнү Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 37 жаштагы шаар тургуну Т.А. телефон аркылуу кайрылган. Анда 11 жаштагы кызын Урмат аттуу кошунасы үйүнө алып барып сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айткан.
Жерине ыкчам тергөө тобу барганда окуя 10-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында болгону такталган.
"Аталган факты электрондук журналга катталып, шектүү 1983-жылы туулган С.У. экендиги аныкталган. Бул иш боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Талас ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 158-берене менен кылмыш ишин козгоо каралууда", - дешти басма сөз кызматынан.