Чемпиондук наамын жетинчи жолу коргогон Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

UFC уюмунун чемпиону, Сингапурда өткөн "UFC 275" турниринде чемпиондук наамын жетинчи ирет коргогон Валентина Шевченко Кыргызстанга келет.

Мушкер айым отурган учак эртең, 15-июнда таңкы саат 05:00дө "Манас" аэропортуна конот. Аны менен чогуу дагы бир UFC мушкери Антонина Шевченко да келиши күтүлүүдө.

12-июнда Сингапурда өтүп жаткан "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан