Акжол Махмудов Европа чемпиону менен күрөшөт

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Германияда өтүүчү Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Франк Штеблер менен коштошуу турнирине катышат.

Бул коштошуу турнирине белгилүү балбандар катышууда. Алсак, Азия жана Ислам оюндарынын чемпиону, ирандык Мухаммадали Гераеи, Дүйнө чемпиону болгон сербиялык балбан Виктор Немеш жана башкалар.

Акжол Махмудов бул турнирде 2016-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон германиялык Айзеле Паскаль аттуу балбан менен кез келет.

Турнир 18-20-июнь күндөрү Германиянын Людвигсбург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан