Ошто 6 миң сом пара менен мектеп директору кармалды

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы мектептердин биринин директору кармалды. Ал пара алуу кылмышы боюнча айыпталып жатканын ИИМ билдирди. Буга чейин аталган директордун үстүнөн шаар тургундары арызданышып, анын мектеп бүтүрүүчүсүнө аттестат берүү үчүн пара сурап жатканын айтышкан. 29-ноябрда мектеп директору 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kokboru
2013-12-02 09:10:17
Муну мурдада кабарладынар элего
0
admin_superstan
2013-12-02 11:01:00
kokboru, Саламатсызбы!
Кабар мурда жазылышы мүмкүн эмес. Себеби, кабардагы окуя 29-ноябрда болгон.
0
Almabek
2013-12-02 11:02:52
Туура эле алган экен акчаны, себеби окуучу учурунда мамэкзамендерге келбей класс жетекчисинин, завучтун, экзаменатор мугалимдин и акырында директордун тузук эле давлениесин которгон да. Урматтуу мектеп директорлору, эми пара алсанар эн азы 50 мин алгыла же 100 000, а то миллиондорду жеген жыргап журот, тоок уурдаган ал учун да озу учун да камакта олтурат.
0
Jesika
2013-12-02 13:17:00
Кайсы мектеп экени эмнеге жазылган эмес?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан