Ош шаарында издөөдө жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды. Биринчи жаран Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган К.М. Ал Жазык кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен шектүү деп табылып издөөдө жүргөн.
Экинчи жаранга сот чечимине баш ийбей, соттук отурумга келбей койгондугу үчүн сот тарабынан издөө жарыяланган. 1976-жылы туулган А.П. Ош шаарынын аймагында бир нече уурулук фактысын жасоого шектелип, 6-март күнү Кылмыш-жазык кодексинин 205-беренесинде (уурдоо) каралган кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилген.