Борбор шаарда алдамчылык кылмышына шектелип милиция кызматкери кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, анын үстүнөн бишкектик 48 жаштагы И.Клара арызданып, милиция кызматкери алдоо жолу менен Мерседес 250 автоунаасын айдап качып кеткенин айткан. Көп өтпөй Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургуну, милиция кызматкери И.Тилек кармалды. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, учурда териштирүү жүрүп жатат. Айыпталуучу Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында.