Оор атлетика боюнча Кыргызстан курама командасы Азербайжанда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Оор атлетика боюнча Кыргызстан курама командасы Азербайжандын Гран-приси үчүн болгон эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-7-декабрь аралыгында Баку шаарында өтөт.

Мелдеште Кыргызстандын желеги астында уландар арасында Тимур Бекнур уулу (62 килограмм салмакта) менен Улан Жакишев (69 килограмм) чыкса, кыз-келиндерден Жаңыл Океева (53 килограмм) менен Аделя Баизова (59 килограмм) чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
osh93
2013-12-02 10:11:40
Algaa ushul meldeshte kyrgyzymdyn jelegin jelbiretkile
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан