Кара-Кече көмүр
кенинде атышуу болуп, 38 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук
ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда
окуя кечээ, 1-декабрда болгон. Анда көмүргө келгендер кезек талашып, ошондон
улам атыш чыккандыгы айтылууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери
“соңку убактарда Кара-Кече көмүр кенинде абал туруктуу эмес. Бул жерге кылмыштуу
топтордун өкүлдөрү келип турушат. Андыктан бул окуя деле криминалдык топтордун
өз ара тирешүүсү болуусу мүмкүн” деген божомолду айтышууда. Кошумчалай кетсек, 20-ноябрда да аталган көмүр кенинде атышуу болуп, эки адам жабыр тарткан.