Бишкекте адамды сүзүп из жашырган айдоочу кармалды

2013-жылдын 1-декабрында саат 23:00дөр чамасында Хонда Стрим унаасы Фучик көчөсүндөгү №42-үйүндүн жанынан бир адамды сүзүп из жашырган. Анын артынан келе жаткан Субари Легаси унаасын башкарып келе жаткан 24 жаштагы О.М. жолдо жаткан жабырлануучуну тебелеп кеткен. Анын кесепетинен 48 жаштагы Сокулук районунун тургуну К.Т. ошол жерден каза тапкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Өз учурунда Бишкек шаардык ыкчам изилдөө тобунун кызматкерлери тарабынан Хонда Стрим унаасынын айдоочусу 26 жаштагы М. Замирбек кармалды. Унаасы айып төлөөчү жайга токтотулуп, бардык материалдар Бишкек ШИИББинин Жол кырсыктары бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka90kg
2013-12-02 10:09:31
a tebelep ketken adamga chara koldonulaby
0
kokboru
2013-12-02 10:09:35
Экинчи автоуна мерседес тебелеп кетти дединер эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан