Дүйнөдөгү эң атактуу балбан Кыргызстанга салам жолдоду (видео)

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Германияда өтүүчү Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Франк Штеблер менен коштошуу турнирине катышуу үчүн Германияга барды.

Анда кыргыз балбаны атактуу кубалык балбан Михаин Лопес менен жолукту. Өз кезегинде кубалык балбан Кыргызстанга салам жолдоду.

Михаин Лопес кубалык балбан. Ал күрөш тарыхында төрт жолу катары менен Олимпиада оюндарын жеңген жалгыз балбан. Ошондой эле Дүйнөнүн беш жолку чемпиону жана дүйнө чемпионатынын үч жолку күмүш медалынын ээси, Панамерикалык оюндардын беш жолку чемпиону.

Коштошуу турнири 18-20-июнь күндөрү Германиянын Людвигсбург шаарында өтөт.

Акжол Махмудов бул турнирде 2016-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон германиялык Айзеле Паскаль аттуу балбан менен кез келет.

Михаин Лопес Кыргызстанга салам жолдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан