2026-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу үч өлкөдө өткөрүлөт. Бул тууралуу ФИФА уюму расмий сайтында маалымдады.
Ага ылайык, биринчи жолу Дүйнө чемпиондугун бир эле учурда үч өлкөдө, тагыраагы АКШда, Мексикада жана Канадада өткөрүү чечими кабыл алынган.
АКШда турнир Канзас-Сити, Хьюстон, Даллас, Сан-Франциско жана Лос-Анжелес сыяктуу 11 шаарда өтөт. Мексикада оюндар Мехико, Монтеррей жана Гвадалахара шаарларында өтөт. Ал эми Канадада Ванкувер менен Торонто шаарларында Дүйнө чемпиондугунун оюндары өтөт.
Дүйнө чемпиондугунун финалы өтө турган шаар кийинчерээк аныкталат.