Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы эл аралык мелдеште 8 медаль утту

Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы 29-30-ноябрда Тажикстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке катышкан 18 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 3 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери Рыспек уулу Эрлан, Сулайманкул уулу Туратбек жана Сейитбек уулу Адилет, ал эми күмүш ээси Батыркан уулу Максат болду. Ал эми коло медалды спортчулар Туралиев Нурсултан, Манасов Алмаз, Көлбай уулу Нуржан жана Исаев Уларбек тагынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba_kg
2013-12-02 10:51:28
Жакшы онорунор оркундой берсин
0
Shai
2013-12-02 17:31:18
Ураааа. Кыргызстан алга.
Ылайым ушинтип алтындарды топтой бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан