Өтүп бараткан акыркы 24 саат аралыгында Ош облусунун аймагында 6 өрт кырсыгы катталган. Кара-Суу районунда 2, Ноокат районунда 2, Өзгөн районунда 1 жана Кара-Кулжа районунда 1 өрт кырсыгы болуп өткөн. Бул өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда өрт кырсыктарынын келтирилген чыгымдары такталууда.