Бишкекте күрөш боюнча кадеттер (U-17) арасындагы Азия чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жазылды.
Мелдешке грек-рим күрөшү боюнча балбандар катышууда. Анда 51 килограммга чейинки салмакта чыккан Кубаныч Арынов Казакстандын балбаны Раун Бекимовго жеңилип, 2-орунду ээледи. Ал эми 55 килограмм салмакта чыккан Абдуллахадхожа Абдуллахожаев коло байге үчүн болгон беттеште япониялык Шина Инаканы жеңип алды. Ошондой эле Жантөрө Мырзалиев (60 килограммга чейинки салмак категориясы) жана Нурболот Сыргабай уулу (92 килограммга чейинки) алтын медалга ээ болушту.