
Ош шаарында мурда издөөдө жүргөн коӊшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 168-беренеси (алдамчылык) менен айыпталып, аталган өлкөнүн 1991-жылы туулган М-в. А. аттуу жараны 2021-жылдын 3-сентябрынан бери издөөдө жүргөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган жаран 20-июнь күнү Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасында кармалып, 527-берененин талаптарына ылайык Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аны өз мекенине кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат.