Кечээ, 1-декабрда Бишкектеги бильярддык клубдардын биринде шаардын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу КРнын бильярд федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 24 кий чебери снукердин “six-red snooker” (6 кызыл шар менен ойноо) эрежеси боюнча оюн өткөрүштү.
Жыйынтыгында, 1-орунду Кубанычбек Сагындыков (сүрөттө) утса, 2-орун ээси Каримберди уулу Мухаммед болду. 3-орундун байгелерин Камчыбек уулу Калыс жана Тукешев Санжар алды.