Республиканын түштүк регионунун клубдар аралык биринчилигинин 1-туру Жалал-Абад облусунун "Жаштык-Сузак” командасынын жеңиши менен аяктады. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Жаштык-Сузак” командасы 8 упай топтоп, мелдештин биринчи турунда жеңүүчү аталды. 2-орунду “Ош Бажы” командасы ээлесе (7 упай), 3-орунду ээлеген "Жаш Күч”, “Дархан ОшТУ” жана “Тримэкс ОшМУ” командаларынын карамагында бештен упай бар.