Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина рейтингде 3 баскычка артка жылды

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина WTAнын рейтингинде 3 баскычка артка жылды. Бул тууралуу Айымдардын Теннис Ассоциациясы (WTA) бүгүн, 2-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңыланган рейтингде кыргызстандык теннисчи кыз карамагындагы 113 упай менен 372-орунду ээлеп турат. Эске салсак, мындан бир апта мурун теннисчинин ысымын 369-орунда көрүүгө болор эле.

Рейтингдин алдынкы 3 сабында америкалык Серена Уильямс, белорусиялык Виктория Азаренко жана кытайлык На Линин ысымдары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан