Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңди (тизме)

24-25-июнь күндөрү Бишкек шаарында 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугунун алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өттү.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 8 медаль жеңип, командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Индия, ал эми 3-орунду Казакстан курама командасы алды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын эсебинде 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль бар:
1-орун — Айпери Медет кызы (76 клиограмм);
1-орун — Мээрим Жуманазарова (68 килограмм);
2-орун — Нурзат Нуртаева (72 килограмм);
2-орун — Дильназ Сазанова (60 килограмм);
2-орун — Бермет Нуридин кызы (62 килограмм);
3-орун — Арууке Кадырбек кызы (55 килограмм);
3-орун — Калмира Билимбекова (57 килограмм);
3-орун — Сезим Жуманазарова (59 килограмм).
Белгилей кетсек, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпиондугу 19-июнда старт алган. Бүгүн, 26-июнь эркин күрөш боюнча беттештердин 2-күнү өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан