Кыргызстандык дзюдочу Арген Бактыбек уулу Алматыда жаштар арасында өткөн “Мунарбек жылдыздары” аталышындагы Эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык дзюдочулардан Арген Бактыбек уулу 60 килограмм салмак категориясында алтын медаль тагынды. Андан тышкары 73 килограмм салмакта Азат Шакиров күмүш утса, Агабек Гаджиев 81 килограмм салмакта коло медаль тагынды.
Эске салсак, мелдеш 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Алматы шаарында өткөн. Кыргызстандын курама командасынын курамында 7 спортчу болгон.