Өлкөгө дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Өлкө аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашат.

Маалыматта 26-июнда "Чоң-Капка унаа жол" контролдук өткөрүү пунктунан Мерседес-Бенц унаасы токтотулганы айтылат.

"Унааны текшерүү учурунда үй буюмдарынын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармектер табылган. Ошол эле учурда бул товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан