Бишкекте бокс боюнча жаштар арасында мелдеш аяктады

26-30-ноябрь аралыгында Бишкекте бокс боюнча Олимпиадалык резервдин Адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин биринчилиги орун алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн түрдүү аймактарынан жана Бишкектен 1996-1997-жылдары төрөлгөн 111 жаш мушкер катышты. Анда 12 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталды.

Чемпиондор: 46 килограмм - Аманкул уулу Асылбек (Ысык-Көл олбусу)

49 килограмм - Босунбаев Тилек (Чүй облусу)

52 килограмм - Абдрахманов Абдрахман (Жалал-Абад облусу)

56 килогамм - Иманказиев Дастанбек (Бишкек)

60 килограмм - Муратов Нурсултан (Бишкек)

60 килограмм (2-тайпа) - Асанбеков Бекжан (Бишкек)

64 килограмм - Жусупов Каниет (Чүй облусу)

69 килограмм - Козубаев Ысманалы (Бишкек)

75 килограмм - Чоюнбек уулу Темирлан (Жалал-Абад.облусу)

81 килограмм - Пайзилла уулу Дамир (Ош облусу)

91 килограмм - Манасбек уулу Семетей (Бишкек)

91 килограммдан жогору - Абидинов Алмамбет (Бишкек) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан