Кыргызстандык спортчуларга стимул болчу долбоор иштелип жатат

Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчуларга стимул болчу атайын долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирет.

Анын айтымында, алардын ведомствосу спортчуларга бир жолку акчалай сыйлык берүүнүн тартиби тууралуу өкмөттүн токтомуна ылайык долбоор иштеп чыгышты.  

Маалыматка ылайык, долбоордо жазылган тизмеге Азия чемпиондугунан Олимпиада оюндарына чейинки Эл аралык мелдештер киргизилди. Долбоор алгач Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагындагы спорттук федерациялар жана ассоциациялардын, анан мамлекеттик органдардын кароосуна коюлат. Андан соң бул маселени өкмөт талдап чыгат.

Долбоордун ичинен эң ири суммадагы акчалай сыйлыкты Олимпиада оюндарындагы байге ээлерине жана жеңүүчүлөрүнө тапшыруу сунушталууда. Олимпиада чемпионуна 150 миң доллар берүү сунушу бар.

Акчалай сыйлык мелдештин деңгээлине, спортчунун жаш өзгөчөлүгүнө жана спортчу машыккан спорт түрүнө каралат (Олимпиадалык, Паралимпиадалык же Улуттук  спорт түрү экенине). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан