Бүгүн, 30-июнда "Дордой" футбол клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычында тажикстандык "Худжанд" клубуна каршы оюн өткөрөт. Беттеш Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадионунда кечки саат 20:00дө башталат.
Белгилей кетсек, "Худжанд" буга чейинки беттешинде түркмөнстандык "Копетдаг" клубун 3:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми "Дордой" алгачкы оюнда ошол эле "Копетдагга" 0:1 эсебинде утулуп калган. Башкы машыктыруучу Сергей Арслановдун шакирттери бүгүнкү беттеште 2 гол айырмачылыгында жеңишке жете турган болсо плей-оффтук баскычка чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Ошондой эле бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "Е" тайпасында кыргызстандык "Нефтчи" клубу жергиликтүү "ЦСКА-Памир" клубу менен күч сынашат. "ЦСКА-Памир" буга чейинки 2 оюнда 1 жолу жеңилсе, 1 жолу тең чыккан. Ал эми "Нефтчи" 2 беттеште тең жеңилүү ызасын тарткан.