Арсен Венгер: “Алтын топ” байгеси футболду булгап жатат”

Лондондук “Арсенал” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Арсен Венгер “Алтын топ” байгеси футболчуларды майданда командалык оюнду эмес, жеке өзүнүн оюнун элге таңуулоого түртүп жатканын билдирди. Бул пикирин ал англиялык басылмаларга берген маегинде билдирди. 

“Мен быйыл “Алтын топтун” ээси катары кимди көргүм келет? Эч кимди! Мен жеке футболчуларга берилүүчү сыйлыктарга каршымын. Бул спорттун ичинде түшүнбөстүк жаратып, футболду кирдетип жатат. 1 футболчу жеке жетишкендигин команданын жетишкендигинен жогору баалаганы туура эмес”,- дейт ал.

Эске салсак, “Алтын топ” байгесине негизги талапкерлер болгон 5 футболчунун ысымы 6-декабрда белгилүү болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kozer
2013-12-02 16:26:14
Мен кошулбайт элем Арсендин созуно.
0
kyrgyzmaksat1987
2013-12-02 16:37:35
Арсен Венгер силердин гезитинерге интервью бердиби?
0
Kozer
2013-12-02 16:43:00
kyrgyzmaksat1987, Жоок чет элдин маалымат булактарынан алса керек да,тек кой жаза беришсин футбол жонундо и спорт жонундо.Тез сындай баштайсынарда!
0
kyrgyzmaksat1987
2013-12-02 17:03:54
Мен учун кызык да, дуйнонун ар тарабында жургон журналисттерибизден кабар окуп турган.
0
chelsea.7
2013-12-03 09:52:49
арсен туура айтат бир чети
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан