Стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун жыйынтыктоочу туру орун алды

Кечээ, 1-декабрда Бишкекте стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугунун 10-туру аяктады. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө чемпиондугунун жыйынтыктоочу 10-тур оюндарында кыргызстандык Алишер Якупбаев бардык атаандаштарын жеңип, лидерлик сапка көтөрүлдү. Ал эми күмүш медалды түркмөнстандык Рашид Ахмедов утса, коло кыргызстандык Руслан Култаевге буюрду.

Белгилей кетсек, чемпиондук бир жыл бою жүргүзүлгөн. Теннисчилер тайпаларга алтыдан бөлүнүп ойношкон. Ар бир ойнолгон турдун жыйынтыгында эң аз упай топтоп, өз тайпаларында акыркы 2 орунду ээлеп калган командалар кийинки лигаларга жөнөтүлүп турган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан