2-8-декабрь аралыгында Түркиянын Анталия шаарында кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу курама команданын машыктыруучусу Жанбулат Амантаев 1-декабрда билдирди.
Анын айтымында, кикбокстун фулл-контакт түрү боюнча Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын намысын “Гермес-Профи”, “Маралбек”, “Алыш” клубдарынын өкүлдөрү коргошот.