Кой-Таштагы өзүн атып алды делген жоокердин окуясына Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзөт

Кой-Таштагы аскер бөлүктө өзүн атып алды делген жоокердин окуясына Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты каттоого алынган.

"Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда кызмат кылган аскер адамдары суралууда. Дагы да маалымат берилет", - дешти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 4-июлда түнкү саат 02:00 чамасында анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан 2000-жылы туулган Ж.Э. аттуу аскер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан. Жоокер жаракат алган жеринен көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан