Эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Эл аралык мелдеште кыргызстандыктар 4 медаль утушту

Эркин күрөш боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Орусияда өткөн Эл аралык мелдеште 4 медаль тагынышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын 3 жолку чемпиону, орусиялык балбан Бувайсар Сайтиевдин байгеси үчүн 4-ирет өтүп жаткан мелдеш 29-ноябрь жана 1-декабрь аралыгында Красноярск шаарында болуп өттү. Ага 10 мамлекеттен 348 балбан келип катышты.

Кыргызстандык жаш балбандардын ичинен Кенжебек уулу Акбар (35 килограмм салмакта) менен Изабеков Нарбек (76 кг) күмүш медаль утушса, Токтогул уулу Аябек (38 кг) менен Аллахунов Жаныбек (63 кг) коло медаль тагынышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан