“Абдыш-Атанын” башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов “А” категориясына ээ болуу үчүн курска катышат

Канттык “Абдыш-Ата” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов Тажикстанда өтө турган окуу курсуна катышат. Жыйынтыгында ал “А” категориясындагы машыктыруучулук күбөлүгүн алат. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу курсу Азиянын футболдук конфедерациясынын (АФК) желеги астында өтүп жатат жана ал 26-декабрга чейин созулат.  Курска канттык “Абдыш-Атанын” башкы машыктыруучусу Мирлан Эшеновдон башка Тажикстандын түрдүү клубдарынын машыктыруучулары жана Ооганстан курама командасынын машыктыруучусу Мухаммад Юсуф Коргар да катышат.

Футбол жаатында машыктыруучулук боюнча D, С, В, А жана PRO категориялары берилет. Кыргызстанда машыктыруучулар Анарбек Ормомбеков жана Нематжан Закиров гана эң жогорку PRO категориясына ээ. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан