"Манчестер Юнайтед" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жакын арада аталган клубдан кетиши мүмкүн экени чет элдик маалымат булактарында жазылууда.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, Роналду команданын кезектеги машыгуусуна катышкан эмес. Муну ал үй-бүлөлүк маселелери менен түшүндүргөн.
Ошондой эле футболчунун агенти башка клубдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылат маалыматта.
Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубу менен 2021-2022-жылкы сезондо 38 оюн өткөрүп, 24 гол жараткан. Футболчунун аталган клуб менен келишими 2023-жылдын июнь айына чейин экени айтылат маалыматта.