Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Таиланддагы “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи айлампасында Данияр Дулдаев индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта таиланддык теннисчилер Патчарапол Кавин менен Варот Удомсукту утуп алышты (7:5, 3:6, 10:8).
Эми Дулдаев менен Сингх жуптугу жарым финалга чыгуу үчүн франциялык теннисчилерге каршы турушат.
Кошумчалай кетсек, Данияр Дулдаев жекеликте аталган мелдештин биринчи айлампасында британиялык Брайден Клайнга утулуп калган (2:6, 4:6).