Суусамыр өрөөнүнөн чыккан мыкты жаш көк бөрүчүлөрдүн бири Эламан Нурболот уулу үйлөндү. Бул туурасында өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, көк бөрүчү 4-июлда сүйүктүүсүнө баш кошкон. Бүгүн, 7-июлда Бишкекте түгөйлөрдүн үлпөт тою өтүүдө.
"Келинчегимдин аты Саламат. 2003-жылкы, Токтогулдан болот. Экөөбүз Инстаграм аркылуу таанышканбыз, бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Эламан Нурболот уулу былтыркы сезонду Талас облусунун "Ынтымак" командасында жеңүүчү болуу менен аяктаган.