Бүгүн, 3-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Индиянын Пуна шаарында өтүп жаткан Эл аралык мелдештин биринчи айлампасында 2 беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина алгач британиялык Жейд Виндли менен жуптукта Диана Боголий (Украина) жана Камила Керимбаева (Казакстан) жуптугуна каршы оюн өткөрөт.
Ал эми жекеликте теннисчи кыздын атаандашы грузиялык Оксана Калашникова болот.