Рафаэль Физиев: "Мен Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC мушкеримин. Бул факт"

Белгилүү UFC мушкери Рафаэль Физиев жекшемби күнү боло турган беттешинин алдында ютуб каналдардын бирине кезектеги маегин берди.

Маегинде мушкер Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC мушкери экенин баса белгиледи.

"Бул жөнүндө баары биле беришпейт. Билсе дагы жарнама кылгысы келбейт. Мен Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC мушкеримин. Бул факт.

Мени колдогон, мени менен бирге болгондордун өкүлүмүн. Мен карьерам башталгандан бери жанымда болгондор мененмин. Алар кайсы өлкөдөн экени айырмасы жок", - деди Физиев.

Рафаэль Физиев кезектеги беттешин 10-июлда "UFC Vegas 58" турниринин алкагында бразилиялык мушкер Рафаэль Дос Аньоско каршы өткөрөт. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан