5-декабрда Бишкекте студенттерден турган курама командалар арасында баскетбол боюнча СССРдин спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Николай Арзамасцевдин жаркын элесине арналган мелдеш болот. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Исхак Раззаков атындагы КМТУнун, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун, Кыргыз экономикалык университетинин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери катышышат.