Бишкекте 3-декбарда Гагарин көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан Мазда Демио унаасы Ак-Ордо жаңы конушунда жолдон чыгып, көңтөрүлүп кеткен. Бул кырсыкка анын айдоочусу, 29 жаштагы И.Эмилбектин рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынан улам унаанын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. Жүргүнчүлөр 18 жаштагы И.Айжан, 14 жаштагы И.Нуржан жана 23 жаштагы А.Тилек түрдүү жаракаттар менен шаардык ооруканага жеткирилген.
Унаа айып төлөөчү жайга жеткирилип, кырсык боюнча материалдар Бишкек ШИИББинин иликтөөчү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.