"Буга чейин ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарын толуктачумун, катуу айдап жүрүп кырсыкка учурагам. Унаамды алганыма 3 ай болду" деген ырчы Темир Дамирбеков SUPER.KG порталына маек курду.
"Бул унааны мен 3 ай мурун алгам. "Красавицам" деп эркелетип коём, себеби мени такыр жолдо калтыра элек. Буга чейин 5 унаа айдаптырмын. Алгачкы унаам Мазда үлгүсүндө болчу. Менин негизги булагым - бул чыгармачылык. Азыр айдап жүргөн унаамды "Ким сени мынча алдаган?" аттуу чыгармамдын арты менен алдым", - дейт Темир Дамирбеков.