Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында беттеш өткөрөт

Жакында “Украинские атаманы” деген аталыштагы жарым профессионалдык бокс клубу менен келишим түзгөн кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда Украинанын Бровары шаарында “Украинские атаманы” жана “Аргентинские кондоры” клубдарынын мушкерлеринин ортосунда 5 салмак категориясында беттештер уюшулат. Анда 52 килограмм салмак категориясында кыргызстандык Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында дебют жасап, биринчи беттешин Кристиан Эдуардо Родага каршы өткөрөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан