Кыргыз балбаны Владислав Никандров күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды.
Кечээ, 10-июлда Манамада аяктаган Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасында Владислав Никандров (57 кг) коло байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар 3-орунга ээ болушкан.