8-16-декабрь аралыгында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында футзал боюнча инструкторлор үчүн окуу курсу орун алат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, окутуу курстары ФИФАнын желеги астында өтөт.
Бул саамалыкка Кыргызстандын атынан КРнын Футзал лигасынын президенти Ырыскелди Мусаев катышат.