ИИМ: "Ихсан" кооперативинен жабыркаган жарандар кайрылгыла"

"Ихсан" кооперативинен жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга 121 миллион 313 миң 950 сомдук зыян келтирилген.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

"Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Ички иштер министрлигине кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же 102. Ошондой эле жарандар жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө дагы арыздар менен кайрылсаңыздар болот", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан