UFC: Рафаэль Физиев Дос Аньосту нокаутка учураткандан кийин 6 айга четтеди

UFC мушкери Рафаэль Физиев 10-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC Vegas 58" турниринде бразилиялык мушкер Рафаэль Дос Аньосту нокаутка учураткандан кийин 6 ай беттештерден четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Физиевдин бул беттеште мурду сынган. Аны UFC уюму беттештерден алты айга четтеткен. Ал ноябрь же декабрь айларында беттештерге кайтып келиши мүмкүн.

10-июлда өткөн "UFC Vegas 58" турниринде Физиев Дос Аньосту беттештин бешинчи бөлүгүндө нокаутка учураткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан