"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси эки айга камалды

"Ихсан групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. аттуу жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту шектүүгө карата эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, "Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан