33 жаштагы пуэрторикалык мушкер Мигель Котто кезектеги беттешин аргентиналык Серхио Мартинеске же мексикалык Сауль Альвареске каршы өткөрөт. Бул тууралуу америкалык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сауль Альварестин командасы Коттого беттеш үчүн 10 миллион доллар сунуштаган жана аны мушкер кабыл алган. Бирок, бул беттеш артка жылып кетиши мүмкүн. Анткени, айрым басылмалар билдиргендей, 2014-жылы 7-июнда Мигель Котто Серхио Мартинеске каршы рингге чыга турган болсо, 15 миллион доллар алат.