Лейлекте жайынан кайра казылып алынган жансыз дене: Бир адам камакка алынды

Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынан жансыз денеси табылган жарандын сөөгү коюлган жайынан экспертиза жүргүзүү үчүн казылып алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Катраң айылынын 57 жаштагы тургуну С.М 37 жаштагы С.З аттуу уулун эки айылдашы эс алууга алып чыгып кетип, өлтүрүп койду деп милицияга арыз жазган. Арыз Лейлек РИИБинде 4-июнь күнү катталып, териштирүү иштери жүрргүзүлө баштаган.

"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 28-май күнү Козу-Баглан эс алуу жайына 37 жаштагы С.З. айылдашы М.Ж. жана М.К. менен чогуу эс алып отурушуп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Алардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып М.Ж. менен С.З. уруша кетишкен. Эртеси Козу-Баглан дарыясынан С.З.нын жансыз денеси табылып, туугандары ошол эле күнү маркумду жерге бергендиги маалым болгон.

Жансыз дененин алган жарааттарын аныктоо жана соттук медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн 7-июнь күнү жергиликтүү прокуратура, милиция кызматкерлери жана Баткен облустук соттук-медициналык эксперттеринин катышуусунда эксгумация жүргүзүлгөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, 36 жаштагы М.Ж.га карата "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан